Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 16-сессиясынын №16-1 Токтому Көк-Жар айылы 13-июль 2018-жыл
Кък-Жар айыл аймагындагы
№412,№413,№414,№415,№416,№527
шайлоо участкаларындагы комиссия
курамын бекитүү жөнундө.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана реферемдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссияларынын курамы жыйындардын протоколдорун угуп жана талкуулап,айылдык кеңеш
Токтом кылыт:
1.Кък-Жар айыл аймагына караштуу №412 Жийде, №413 Кък-Жар, №414
Борбаш, №415 Сарыканды, №416 Алашан, №527 Каранай шайлоо
участкаларынын курамы тизмеге ылайык бекитилсин,(тизмелери
протоколдору менен бирге тиркелет).
2. Шайлоо участкасынын курамдарын бекитип бер\\ жагы Ноокат
райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-1. Кок-Жар айылы «15» Август 2018-жыл.
«Көк-Жар айыл аймагынын
жергиликтуу жамаатынын
Уставын» бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ош обусунун Ноокат районуну Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, ишмердүүлүк жана саламаттыкта сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Көк-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
Токтом кылат: 1.Тиркемедеги Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин. 2.Ушул токтом жана Көк-Жар айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин веб сайтына жарыялансын
3.Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, ишмердүүлүк жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Көк-Жар айылдык кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-2. Көк-Жар айылы «15» Август 2018-жыл.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын
жана ФЭБ н\н башчысынын алты айлык
отчету жөнүндө. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБ н\н башчысынын алты айлык аткарган иштерин угуп жана таркуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши Токтом кылат: 1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин жана ФЭБ н\н башчысы Тургунбай уулу Айтибектин алты айда аткарган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын. 2. Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын 3. Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына ж\ктълс\н Көк-Жар айылдык кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-3. Көк-Жар айылы «15» Август 2018-жыл.
2019-2020-2021-жылдарга бюджетин
киреше бөлүгүнүн болжолун жана
2019-жылдын чыгаша бөлүгүнүн
болжолун бекитүү жөнүндө.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга бюджетин киреше бөлүгүнүн болжолун жана 2019-жылдын чыгаша бөлүгүнүн болжолун бекитүү максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
Токтом кылат: 1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-2020-2021-жылдарга бюджетин киреше бөлүгүнүн болжолун жана 2019-жылдын чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу түрдү бекитилип берилсин. 2.Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып бару жагы, айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-4 Кък-Жар айылы 15 август 2018-ж
Айыл өкмөтүнө келген фронталдык
погрузчикти Көк-Жар жайыт
пайдалануучулар бирикмесине
оперативдүү башкарууга өткөрүүгө
мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө.
Айыл өкмөтүнө келген фронтадык погрузчикти Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүү иштерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кеңеши
Токтом кылат: 1. Айыл өкмөтүнө келген фронталдык погрузчикти Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Механизаторду тандап алуу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө жобосу бекитилсин. (жобосу тиркелет)
3.Жайытты башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча 2018-2022-жылдырга чейин стратегиялык планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-5 Кък-Жар айылы «15» август 2018-ж
Кък-Жар айыл өкмөтүнө караштуу
Жийде айылынын жаёы көчөсүнө
Абдуллаев Ороз атындагы көчө деп ат
коюу жөнүндө.
Көк-Жар аыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн жашоочуларынын арызын жана булл тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим беруу, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
1.Кък-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн
жашоочуларынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2.Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын жаңы көчөсүнүн аты Абдуллаев Ороз атындагы көчө деп макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-6
Көк-Жар айылы «15» август 2018-ж
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу
Борбаш айылында балдар бакчасына
кошумча балдар бакчасын ачуу жөнүндө.
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылында жайгашкан «Сүйкүм» балдар бакчасына кошумча балдар бакчасын ачуу максатында маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылында жайгашкан «Сүйкүм» балдар бакчасына кошумча балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы № 17-7 Көк-Жар айылы «15» август 2018-ж
2018-жылдын 9 айына карата
үнөмдөлгөн акча каражатынын
эсебинен каралуучу зарыл болгон
жумуштарды аныктоо жөнөндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 9 айынан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен зарыл болгон жумуштарды карап чыгуу максатында уюштурулган коомдук бюджеттик угуулардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бюжеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн: 21-главасынын: 115-беренесинин: 4-пунктуна: негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.2018-жылдын 9 айылык бюджетинен үнөмдөлгън акча каражатынын эсебинен Көк-Жар айылындагы эски балдар бакчасына шифер алуу үчүн 50 000(элүү миң) сом, М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектебинин спорт залынын полу үчүн 130 000(бир жүз оттуз миң) сом, Алашан айылына таза суу чыгаруу үчүн 100 000(бир жүз миң) сом, «Көк-Жар» гимназия класстары бар инновациялык мектебине көмүр навес куруу үчүн 120 000(бир жүз жыйырма миң) сом, Борбаш айылынын борбордук жолундагы тратуардын четине бардюр коюу үчүн 50 000(элүү миң) сом, Жийде айылына таза суу чыгарууга 40 000(кырк миң) сом, Ош Исфана жолундагы Көк-Жар борбордук базарынын алдына светафор орнотуу боюнча 250 000(эки жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын 2.Жогоруда көрсөтүлгөн жумуштар 2018-жылдын 9 айына карата үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен аткарылуучу негизги жумуштар деп табылсын. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.