Көк-Жар аймагында 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет берилди

20 Февраля 2020

Көк-Жар аймагында 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет берилди

2020-жылдын 19-февралында, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылдык аймагында 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жалпы жыйын болуп өттү.

Жыйынга жергиликтүү тургундар, айылдык кеңештин депутаттары, активисттер жана Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБ) мүчөлөрүнөн сырткары, Ноокат райондук администрация башчысы - аким менен райондук түзүмдүн кызматтарынын өкүлдөрү жана КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да катышты.

Иш-чаранын башында Көк-Жар айылдык аймагына ЖӨБ ОРГАНДАРЫ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТТЫН ОРТОСУНДА ДИАЛОГ ТҮЗҮҮДӨ ӨЗГӨЧӨ ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында 2019-жылы уюштурулган конкурстарга ийгиликтүү катышкандыгы үчүн:

  • «Жергиликтүү демилге»: 2-орун – 120 миң сомго эки кабаттуу керебеттер, стулдар, парталар жана шкафтар;
  • «2020-жылдын бюджетин түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу»: 1-орун – 150 миң сомго кеңсе стулдары;
  • «Жергиликтүү жамааттын муктаждыктарын эсепке алуу менен жергиликтүү деңгээлде пландоо»: 2-орун – 80 миң сомго 25 жарык прожектору жана 25 кронштейн;
  • «Коомчулуктун катышуусунда жергиликтүү деңгээлде мониторинг системасын жайылтуу тажрыйбасы»: кызыктыруучу байге – 35 миң сомго бала бакчага 13 парта жана 26 стул бериле тургандыгын ырастаган ДИПЛОМ ыйгарылды.

Мындан сырткары, Долбоор тарабынан Көк-Жар айылдык аймагынын БМжБ тобунун иш аракеттеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында бир ноутбук тапшырылды.

Жалпы жыйынды Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Миңбаев Саттарали алып барып, эң биринчи кезекте жергиликтүү бюджеттин 2019-жылы аткарылгандыгы, киреше жана чыгаша булактары, ал каражаттардын кайда жана эмне максатта жумшалгандыгы тууралуу баяндап бүткөн соң, 2020-жылы аткарыла турган иш-чаралар жана чечиле турган жергиликтүү маанидеги маселелер жөнүндө маалымат менен бөлүштү. Баяндама бүткөн соң, катышуучулар өз сунуштарын жана көйгөйлөрүн айыл өкмөттүн, райондун жана облустун тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрүнө билдирүү мүмкүнчүлүгүн алышты.