Бүгүн 2018-жыл 11-июль күнү Көк-Жар айыл аймагынын Маданият үйүндө коомдук угуу өткөрүлдү.

11 Июля 2018

Бүгүн 2018-жыл 11-июль күнү Көк-Жар айыл аймагынын Маданият үйүндө  коомдук угуу өткөрүлдү.

Бүгүн 2018-жыл 11-июль күнү Көк-Жар йыл аймагынын Маданият үйүндө  коомдук угуу өткөрүлдү.Бүгүн 2018-жыл 11-июль күнү Көк-Жар айыл аймагынын Маданият үйүндө  коомдук угуу өткөрүлдү. 

Көк-Жар айыл өкмөтү

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  2019- жылга карата болжолдуу бюджети..

       

 

2019-КАРЖЫ ЖЫЛЫНА БЮДЖЕТТИН ДОЛБООРУ 25 376,2,2 МИҢ СОМ.

 

Ар бир атуул республикалык жана жергиликтүү бюджеттин түзүүгө катышууга укугу бар. Мындан тышкары бюджеттен корогон чыгашалар боюнча маалымат алууга укуктуу!

КР Конституция Кыргызской Республики, 3 глава,.3п. 52 берене

 

КӨК-ЖАР АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ.

 

Көк-Жар айыл аймагы 6 айылдан турат: Көк-Жар, Жийде, Борбаш, Сарыкаңды, Алашан жана Каранай. 2018-жылдын 1-январына карата аталган айылдарда жалпысы болуп 3568 түтүндѳ 21981 адам жашайт.

 

Айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине 19 кыймылсыз мүлк жана инфраструктура обьектилери берилген, анын ичинен:

Мектептердин имараты 8
Бала бакчалар 7
Айыл өкмөттүн имараты, башка административдик имараттар 4

 

Мыйзамдарга ылайык ЖӨБ органдарынын бюджеттеринин кирешелери төмөнкүлөрдөн турат:

 

Жалпы мамлекеттик салыктар; 7697,0 миң сом
Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар; 4133,0 миң сом
Салык эмес төлөмдөр; 6010,3 миң сом
Теңдештирүүчү гранттар; 5535,9 миң сом
Башка гранттар (швейцария өкмөтү каржылаган грант); 2000,0 миң сом

2019-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору 25 376,2 миң сомду түзүүдө.

 

 

Урматтуу жарандар, сиздер ушул докладтан кийин жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулаттууга сунуш/кол кабыш берсеңиздер болот.!!!

 

ЧЫГАШАЛАР

 

Бюджеттин чыгашаларын аныктоодо мурунку жылдардын экономикалык абалды, инфляция процессин жана ЭКБАда, БАПда жана социалдык экономикалык өнугүү программасында чагылдырылган коомчулуктун артыкчылыктары эске алынды. 2019-жылга артыкчылыктуу маселелер болуп:

Таза суу                               498,0 мин сом
Жарыктандыруу                410,4 мин сом
Жолдор                                608,0 мин сом
Калкты электр энергиясы менен толук камсыз кылуу 2266,2 мин сом

 

2019-жылга бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгү – 25 376,2 мин сом көлөмүндө аныкталды.

 

КР Финансы министрлиги берген рекомендациясына ылайык биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери, эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар, сапар чыгымдары каржыланышы керектигин белгилеп кетүү зарыл.

 

Чыгашалар негизинен төмөнкү сфераларга багытталган: айыл өкмөттү кармоого жергиликтүү башкаруу органдарын тейлөө – 6050,3 мин сом (жалпы чыгашалардын 24%),  граждандык коргонуу- 80,0 миң сом (0,32%), Экономикалык маселелер- 1581,3 мин сом, (жалпы чыгашалардын 6%). туракжай жана таштанды чыгаруу – 5574,4 мин сом (жалпы чыгашалардын 22%). маданият– 1604,1 мин сом (жалпы чыгашалардын 6%), билим берүү – 10246,1 мин сом (41%), соц.коргоо – 240,0 мин сом (жалпы чыгашалардын 1%).

 

жалпы керектелҮҮчҮ мамлекеттик кызматтар

2019-жылдын бюджетинин долбоорунда башкаруу органдарын каржылоого чыгымдар 6050,3,0 мин сом көлөмүндө аныкталууда.

Эмгек акы фондусу 3428,0 мин сом;
Соцфондго чегерүү 506,8 миң сом;
Иш сапар  190 миң сом;
Байланыш жана интернет кызматы 88,7 мин сом;
Ар түрдүү товарларды жана кызматтарды пайдалануу 400,0 миң сом,
Айыл өкмөттүн имаратынын учурда оңдоо 300,0 мин сом;
Буюмдарды жана материалдарды сатып алуу 265,0 миң сом;
Жабдууларды сатып алууга кетүүчү чыгымдар 35,0 мин сом;
Электр энергия жана таза сууга 255,0 миң сом.
Резервдик фондко 214,4 миё сом.

 

граждандык коргонуу

 

Бул бөлүмдө айыл аймагынын тургундарынын коопсуздугу үчүн, сел сактоо, жер титиръъ жана башка кырсыктарда элдерди бекер тамак-аш продуктулары менен камсыз кылуу үчүн  40,0 миң сом, даары дармектер менен камсыз кылуу үчүн 40,0 миң сом болуп, жалпы чыгаша 80,0 миң сомго белгиленди.

 

ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР

 

2019-жылга жалпы экономикалык маселелер үчүн – 1581,3 мин сом

Ал эми жайыттарды башкарууга 418,3,0 миң сом каралууда.

Жайыт чыгашалары үчүн – 253,7 мин сом.
Проектик долбоорлору үчүн  өздүк салымдарына – 164,6 мин сом.
Прфилактикалык иштер жана жолбун ит мышыктарды атып жок кылуу үчүн- 220,0 миң сом.
Көрсөтүүгө жана жашылдандыруу иштери үчүн – 200,0 миң сом.
Ички арыктарды тазалап ондоо иштери үчүн – 115,0 мин сом.
Ички арыктарга труба сатып алуу үчүн – 298,0 мин сом.
Көк-Жар айылындагы М. Чолпонов атындагы къчъгъ тратуар куруу үчүн – 300,0 мин сом.

 

ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК КОММУНАЛДЫК ЧАРБА (ТТКЧ)

 

ТТКЧ бөлүмү боюнча чыгымдарды эсептөөдө экономикалык абалга, инфляция процесстерине жараша туураланган мурунку жылдарда кеткен чыгымдар эске алынды. Бул бөлүм үчүн  5574,4 мин сом каралууда.

 

таштандылады жыйноого – 300,0 мин сом;
проектик сметалык док.даярдоо жана архитектуралык кызматтар үчүн- 500,0 мин сом.
Көк-Жар борбордук базарынын түштүк чыгыш тарабындагы Ноокат-Кызыл-Кия жолунда жайгашкан төрт көчөгө светафор орнотуу үчүн  - 420,0 мин сом.
жолдорду ондоого, шагыл төшөөгө– 300,0 мин сом;
жарыктандырууга – 150,0 мин сом;
жолдорду ондоого – 400 мин сом;
Көк-Жар жана Каранай айылдарына транформатор алууга- 400.0 миң сом;
айылдарга столба жана зым алууга-1865,6 миң сом жумшоону пландаштырып жатабыз.
Швейцария өкмөтү каржылаган долбоорлор боюнча быйыл дагы бир проект алуу үчүн өздүк салым катары 100,0 мин сом.

 

Маданият жана СПОРТ

 

2019-жылдын бюджетинин долбооруна маданият жана спорт мекемелери үчүн, маданий жана спорт иш-чаралары үчүн  1604,1 мин сом каралууда.

китепкананын эмгек акы жана соц.фонду үчүн – 141,1  мин сом;
СДК кызматкерлеринин эмгек акы жана соц.фонду үчүн - 337,7 мин.сом
Ар түрдүү товарларды жана кызматтарды пайдалануу 112,0 миң сом,
Маданият үйүнүн кезектеги ремонттору үчүн – 42,0 мин сом;
Эстеликтин күн чыгыш тарабын тосуу жана кезектеги ремонт жумуштары үчүн – 260,0 мин сом;
Таза суусу жана электр энергиясы үчүн – 23,2 мин сом.
Спортчуларды колдоого – 100,0 мин сом;
Жыл ичинде белгиленүүчү даталуу күндөр үчүн 588,0 миң сом.

 

БИЛИМ БЕРҮҮ

 

Айыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелеринин курамына 15 бюджеттик мекеме кирет, анын ичине

5 орто мектеп;
1 толук эмес орто мектеп;
2 башталгыч мектеп;
7 балдар бакчасы кирет.

Бул мекемелердин иштешине 2019-жылда  10246,1 мин сом акча каражаты каралган.

Тамак-ашка -2882,0 мин сом;
Байланыш жана интернет кызматтарына -55,0 мин сом;
Сууга, электр энергиясына, жылытууга – 2463,5 мин сом;
Ремонтко кетүүчү чыгымдардын суммасы 1715,4,0 мин сом;
Күз-кыш мезгилдеринде пайда болуучу авариялык учурлар үчүн - 280,0 мин сом деп белгиленди.

Ремонт жумуштарынын ичинде:

-Жийде бурак балдар бакчасынын экинчи корпусунун ремонту үчүн – 300,0 мин сом;

-Сүйкүм балдар бакчасынын дерезелине пластик дерезелерин орнотуу жана эки бөлүмүн жылуулоо үчүн – 180,0 мин сом;

-Алашан-келечеги балдар бакчасына 2 даана боз үй куруу үчүн– 76,3 мин сом;

-Тан-Нуру балдар бакчасына ашкана куруу үчүн– 430,0 мин сом;

-Ак-Шоола балдар бакчасына жыйындар залын куруу үчүн – 300,0 мин сом;

-Жийде нуру мектепке чейинки билим берүү  бөлүмүнө эки ярустуу кровать сатып алуу максатында – 200,0 мин сом акча каражаты ажыратылган.

Ал эми орто мектептер үчүн:

Алашан орто мектебинин окуу болмолорунун полун жана потологун ремонттоо үчүн -160,0 мин сом;
М. Мамытов атындагы Жийде орто мектебинин актовый залынын окуу бөлүмдөрүнүн полдорун алмаштыруу үчүн – 200,0 мин сом;
Дедек-Бүбү башталгыч мектебинин сыртын тунике менен катоо үчүн – 150,0 мин сом;
-Борбаш орто мектебининт эскирип калган дерезелерин алмаштыруу жана откаанасын капиталдык ремонттон чыгаруу максатында 139,4 мин сом;
Ак-этек башталгыч мектебинин чатырын алмакштыруу үчүн  100.0 мин сом;
Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине көмүр кана куруу үчүн– 120,0 мин сом;
-Ак-Этек  башталгыч мектебинин отоплениясын жаёылоо жана алдына асфальт төшөө үчүн - 203,9 мин сом;

 

Социалдык камсыздоо

«Калкка берилүүчү женилдиктер» бөлүгүнүн чыгымдары үчүн 240,0 мин сом бөлүнүүнү пландаштыруудабыз.

Мында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана туберкулез менен ооруган жарандарга материалдык жардам көрсөтүүгө, айыл аймагындагы тоголок жетимдерге жардам берүү үчүн  240,0 мин сом акча каражаты ажыратылуу күтүлүүдө.

Диаграмма 2. 2019-жылга Кък-Жар айыл аймактын чыгашасынын долбоору.

жашылдандырууга – 200,0 мин сом;
жарыктандырууга – 410,4 мин сом;
таштандылады жыйноого - 300 ,0 мин сом;
жолдорду ондоого – 608,0 минсом;

Таза сууга 585,0 миң сом жумшоону пландаштырып жатабыз.

 

 

Урматтуу жарандар, сиздер бюджеттин чыгашасынын чыгашаларды оптималдаштыруу боюнча өз сунуштарыныздарды берсениздер болот!!!