Бүгүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн өзүнүн сайты ачылды.

06 Июня 2018

 Бүгүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн өзүнүн сайты ачылды.

Ураа!!! Көл-Жар айыл өкмөтүнүн сайты ачылды.

Ош шаарында муниципалдык вебсайт менен иштөө атайын окуу болуп өттү. Бул окууга биздин айыл өкмөттөн 3 адис барып атайын окуп келишти.Мындан ары айыл өкмөттө кандай гана иш чара,жаңылыктар болбосун баарын эми кененирээк kok-jar-aimak.kg сайтынан көрө аласыздар. Мындай демилгени былтыркы жылы айылдык кеңештин депутаты Тойчубай Пирматов көтөрүп чыгып, бул иштин аркасынын көп эмгектенип, азыркы күндө ишке ашып отурат. Эми Көк-Жар айыл өкмөтүндөгү болуп жаткан жаңылыктарды жогоруда айтылган атайын сайтка даярдап орнотуу үчүн айыл өкмөтүнүн экономист-статисти  Боронова Нурзада жана мамлекеттик-электрондук сатып алуулар боюнча адиси Акботоев Зайнидиндер жөнөтүлдү. 

Атайын расмий сайттын ачылганы айыл өкмөтүнөн өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым болот деген ойдобуз.