Көк-Жар айыл өкмөтүнүн өздүк сайты ачылды

06 Июня 2018

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн өздүк сайты ачылды

  • 06.06.2018-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн өздүк сайтынын расмий ачылыш аземи болуп өтту. 

Бул убакытка чейин биздин  айыл өкмөтүбүз сайттан аксап келе жаткан. Башкача айтканда жеке өздүк сайтын ачуу менен мындан ары биздин айыл өкмөт бардык чыккан жарыя жана жанылыктарды газета-журналдарга эмес сайттка түз жарыялоо укугуна ээ болду.

  • Көк-Жар айыл өкмөтү буга чейин бардык мамлекеттик иш кагаздарын муниципалдык жалпы сайтка жайгаштырып, жылына 18 000 сом акча төлөп келген. Мындан ары жылына 5000 сом акча төлөө менен өздук сайтка ээ болуп олтурат. 
  • Мындай ийгиликке Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында түзүлдү.  Бул колдоого Көк-Жар элинин атынан чон ыраазычылык билдиребиз, долбоорго.