Жогорку Кеңештин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовна эл менен жолугушуу өткөрдү.

12 Июля 2018

Жогорку Кеңештин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовна эл менен жолугушуу өткөрдү.

Кечээ 2018-жыл 11-июль күнү Көк-Жар айыл аймагында Жогорку Кеңештин депутаты Мавлянова Махабат Эргешовна эл менен жолугушуу өткөрдү.

          2018-жылдын 11-июль күнү Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Көк-Жар айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Алгач Жогорку Кеңештин депутаты жыл башынан бери жасаган иштери тууралуу эл алдында маалымат берип өттү. Ошону менен бирге мамлекетте болуп жаткан бир топ көйгөйлүү маселелерге токтолуп, өлкөбүздүн азыркы оор абалдан чыгып келечекте өсүп-өнүгүп алдыңкы мамлекеттердин катарына кошулаарыбызга түздөн – түз элибиздин биримдиги жана ынтымагы маанилүү  экендигин баса белгилеп өттү. Андан кийин аймактын тургундары менен бир топ маселелер тууралуу талкуу жүргүздү. Талкууда эл арасында азыркы учурдагы чечилбей жаткан маселелер тууралуу элдин пикирин угуп өз жайнда таанышып келди. Жолугушуунун аягында элдердин көйгөйлөрүн колдон келишинче чечип өз жардамын берүүсүн айтып өттү.

          Айта кетсек буга чейин да Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова биздин Көк-Жар айыл аймагыбызда бир топ алгылыктуу жумуштарды жасап, биздин аймакка жардамдар көрсөтүп келет. Тагыраак айтканда былтыр 2017-жылдын  жай айларында Көк-Жар айылы менен Борбаш айылдарын аралап өткөн М. Чолпонов көчөсүнүн  2,5 чакырым аралыгына жаңыдан асфальт төшөп, айылдан чыккан жаш спортчулардын мелдештерге катышып келүүсү үчүн колдоо көрсөтүп,Көк-Жар айыл аймагы эле эмес Т.Кулатов жана Ынтымак айыл аймагынын тургундарынын алкыштарына ээ болду. Андан сырткары да айыл тургундарынан Махабат Мавляновага кандай гана көйгөйлөр менен кайрылганда, депутат жоомарттык менен өз жардамын аябай көрсөтүп келүүдө.

 

       Жогорку Кеңештин депутаты  орчундуу болгон маселелердин бири болгон дыйканчылык-багбанчылык темасы тууралуу сөз болду. Жыл сайын дыйкандар өндүргөн мөмө-жемиштердин чет жактарга арзан баада экспорттолуусун токтотуп, өндүрүлгөн товарлардын сапатына көңүл буруп кымбат баада сатып, өлкөбүздүн инфраструктурасын  көтөрүүгө салым кошуубуз, элдин жашоо деңгээлин көтөрүүбүз зарыл экендиги жөнүндө сөз болду. Бул багытта эл менен кеңири сүйлөшүү жүргүзүү максатында Товарларды экспорттоо боюнча атайын адистерди өзү менен бирге алып келип, аймактын тургундары менен кызыктуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында мындан ары атайын эл эксперттер менен кеңешип иштөө макулдашылды.