Көк-Жар айылдык кеңешинин 16-сессиясы

30 Сентября 2022

[ГЕРБ] Кыргыз Республикасы                                                                       Кыргызская Республика

        Ош областы                                                                                         Ошская область

        Ноокат району                                                                                 Ноокатский район

Көк-Жар айылдык кеңеши                                                         Көк-Жарский айыльный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                                  16- сессиясы

                                                    №  16-1-Токтому .

Көк-Жар айылы .                                                                           16.09. 2022-жыл .

             Жергиликтүү курултайларга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө

 

    Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын 15-августундагы №284  “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Биринчи Элдик Курултайды  өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 2 чечимине негиз, Көк-Жар  айылдык кеңеши

                                                  

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көк-Жар айыл аймагында  Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайы Көк-Жар маданият үйүндө 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 12:00дө  өткөрүлсүн.
  2. Көк-Жар айыл аймагынан   Жергиликтүү курултайга айылдын  жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 (жүз элүү) болуп бекитилсин.
  3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги  тиркемеге (тиркелет) ылайык бекитилсин.
  4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу        тобунун курамы тиркемеге (тиркелет)  ылайык бекитилсин .
  5. Чогулуштарды жана жыйындарды айылдын, чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө  жооптуу болуп тиркемеге ылайык (тиркеме тиркелет) Көк-Жар  айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин.
  6. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер , маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин

                                    төрагасы:                             Р.Арапов

Көк-Жар айылдык кенешинин

№16-1 токтомуна  №1-тиркеме

 

Көк-Жар айыл аймагындагы айылдарда Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графиги.

Айылдын аталышы Датасы

Өткөрүлө турган жери

1

Ак-Өтөк

17.10.22 «Ак-Өтөк» толук эмес орто мектеби

2

Жийде 17.10.22 М.Мамытов атындагы «Жийде» орто мектеби

3

Каранай 18.10.22 «Каранай» толук эмес орто мектеби

4

Көк-Жар 19.10.22 Көк-Жар инновациялык гимназиясы

5

Борбаш 20.10.22 «Борбаш» орто мектеби

6

Сарыкаңды 21.10.22 «Маданият» орто мектеби

7

Алашан 24.10.22 Б.Матаипов атындагы «Алашан»орто мектеби

 

               Көк-Жар айылдык кеңештин

                                 жооптуу катчысы:                                      Н.Матаипов

Көк-Жар айылдык кенешинин

№16-1 токтомуна  №2-тиркеме

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу  тобунун курамы.

 

Курамынын төрагасы Р.Арапов айылдык кеңештин төрагасы.

Курамынын катчысы Н.Матаипов айылдык кеңештин жооптуу катчысы.

Айылдын аталышы

       

Өткөрүүгө жооптуу жумушчу топ  Иштеген орду
1 Ак-Өтөк Апсатаров А. Жийде айылынын айыл башчысы
2 Жийде Апсатаров А. Жийде айылынын айыл башчысы
3 Каранай Жоробаев Ж. Каранай айылынын айыл башчысы
4

Көк-Жар

Асанбаев Н. Көк-Жар айылынын айыл башчысы
5 Борбаш Элчибеков М. Борбаш айылынын айыл башчысы
6

Сарыкаңды

Насиров К. Сарыкаңды айылынын айыл башчысы

7

Алашан Эргешов Н. Алашан айылынын айыл башчысы

Көк-Жар айылдык кеңештин

                   жооптуу катчысы:                                      Н.Матаипов

Көк-Жар айылдык кенешинин

№16-1 токтомуна  №3-тиркеме

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча депутаттардын жумушчу  тобунун курамы.

 

Курамынын төрагасы Р.Арапов айылдык кеңештин төрагасы.

Курамынын катчысы Н.Матаипов айылдык кеңештин жооптуу катчысы.

Айылдын аталышы Өткөрүүгө жооптуу жумушчу топ  Иштеген орду

1

Ак-Өтөк Исаков О. Имаралиева А. Жийде айылынын депутаттары

2

Жийде Мамасалиев А. Амиракулова М. Каныбек у М. Кочкоров Н. Осмонова Г. Жийде айылынын депутаттары

3

Каранай

Ахмедов С. Мажакипова Э. Матисаева А. Пирматов Т

Каранай айылынын депутаттары

4

Көк-Жар

Турабыева Р. Бакыев А. Жалалов З. Раимжанова Н.

Көк-Жар айылынын депутаттары

5

Борбаш

Жарматов А. Калыкова Ш. Абдракманова М. Кадыркулов Э. Ташов Б. Абдраим у А. Борбаш айылынын депутаттары

6

Сарыкаңды Түмөнов К. Каимов К. Маманов О. Жумабаева Ж. Мамырова М. Сарыкаңды айылынын депутаттары

7

Алашан Шамаева К. Разыкова Т. Элчиев К. Боронов М. Алашан айылынын депутаттары

       

 

Көк-Жар айылдык кеңештин

                   жооптуу катчысы:                                      Н.Матаипов

 

[ГЕРБ] Кыргыз Республикасы                                                                       Кыргызская Республика

        Ош областы                                                                                         Ошская область

        Ноокат району                                                                                 Ноокатский район

Көк-Жар айылдык кеңеши                                                         Көк-Жарский айыльный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                                  16- сессиясы

                                                    №  16-2-Токтому .

Көк-Жар айылы .                                                                           16.09. 2022-жыл .

             Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевдин  2022-жылдын  16-сентябрындагы № 2408 сандуу катын карооо жөнүндө

 

   Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 16-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жайгашкан Кыргызстан-Тажикистан мамлекеттеринин ортосундагы чек арада эки мамлекеттин ортосунда пайда болгон согуштан улам жабыр тарткан Кыргыз мамлекетинин жарандарына материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү № 2408 сандуу катын карап талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши

                                                  

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 16-сентябрындагы Баткен облусундагы жабыр тарткан жарандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү  № 2408 сандуу каты аткарууга алынсын.
  2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине учурдагы кырдаалга байланыштуу 1-тикемеге негиз өзгөртүү киргизилсин. (тиркеме тиркелет.)
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаевке ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна жана айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин

                                    төрагасы:                             Р.Арапов

 

 

 

 

 

 

Көк-Жар айылдык кенешинин

№16-2 токтомуна  №1-тиркеме

 

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бекитилген бюджетине Баткен окуясына байланыштуу өзгөртүү киргизүү боюнча тиркеме.

Бөлүмдөрдүн аталышы

Беренелер Жалпысы

3111

2215  
1 70926-ЖКХ -300,0   -300,0
2 702-жарандык коргонуу  

300,0

300,0
3 Жалпысы -300,0 300,0 0

 

 

               Көк-Жар айылдык кеңештин

                                 жооптуу катчысы:                                      Н.Матаипов

 

 

 

 

 

Файлы:
  1. 16-sessia.docx (39.80 KB)