Көк-Жар айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезексиз 8 -сессия

18 Марта 2022

Кыргыз Республикасы                                                          Кыргызская Республика

        Ош областы                                                                           Ошская область

        Ноокат району                                                                  Ноокатский район

Көк-Жар айылдык кеңеши                                                Көк-Жарский айыльный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                              8- сессиясы

                                                           №  8-4- Токтому .

Көк-Жар айылы  .                                                                       24.01.2022-жыл.

                                                                                 Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы                                

                                                                                «Көк-Жар-Тазалык» муниципалдык ишканасына

                                                                                 таштанды ташуучу  унаа сатып алуу үчүн акча

                                                                                 каражатын ажыратып  жана таштанды

                                                                                 сактоочу жайды ачууга макулдук берүү жөнүндө .

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жана                   Көк-Жар жайыт жеринин №208 жана № 260 -контурунда жайгашкан 8,70га жер аянтын турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жай ачууга макулдук берүү максатында Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча жана Жер, айыл чарба,суу,жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу  комиссияларынын  берген тактамасына негизинде  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып,  Көк-Жар айылдык кенеши

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн 1000000(бир миллион) сом акча каражаттары, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен,  Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына которуп берүүгө  макулдук берилсин.
  2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасына                 Көк-Жар жайыт жеринин №208 жана № 260 -контурунда жайгашкан 8,70га жер аянтын турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жай ачууга макулдук берилсин.
  3. Иш кагаздарын мыйзам чегинде тактоо жана иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовго жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

                                Төрага:                                  Т.  Пирматов

                                            

Кыргыз Республикасы                                                          Кыргызская Республика

        Ош областы                                                                           Ошская область

        Ноокат району                                                                  Ноокатский район

Көк-Жар айылдык кеңеши                                                Көк-Жарский айыльный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                              8- сессиясы

                                                           №  8-5-Токтому .

Көк-Жар айылы  .                                                                           24.01. 2022-жыл .

                                                                                Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  

                                                                             карата бюджетин жана 2023-2024-ж.ж. 

                                                                             карата бюджетинин долбоорун бекитүү

                                                                             жөнүндө.                                                                                                         

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-ж.ж. болжолу жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоору тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 27-статьясынын                       4-пунктуна, 31-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин     9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесине ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши

                                                Токтом кылат:

  1. 2022-жылга Көк-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 27 877 600 (жыйырма жети млн сегиз жүз жетимиш жети миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. 2022-жылга айылдык бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1-тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2022-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте каралган беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана комуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
  3. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №2-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Киреше болжолу 2023-жылга жылга 28 414 300 (жыйырма сегиз млн төрт жүз он төрт миң үч жүз) сомго, анын ичинен (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 1 391 000 (бир млн үч жүз токсон бир миң ) сом менен жана 2024-жылга 28 805 300 (жыйырма сегиз млн сегиз жүз беш миң үч жүз) сомго, анын ичинен (Республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 1 391 000 (бир млн үч токсон бир миң) сом  менен белгиленсин.

      Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2023-2024-ж.ж. айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

  1. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калаары аныкталсын.
  2. Айылдык бюджеттин мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
  3. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикасынын бюджетинин 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайызы Республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.
    7. 2022-жылдын 1-январына карата айылдык бюджет боюнча жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча миң сом суммасында белгиленсин.
    8. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

-Ушул токтомдук 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү,

-ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө,

                 -киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын      

                 эсебинен, чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

  1. 2019-жылга айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн ашыкча аткарылышынан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.
  2.  Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтү С. Миңбаев жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибек тарабынан көзөмөлгө алынсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                 Төрага:                                  Т. Пирматов

Көк-Жар айылдык кенешинин

№8-5-токтомуна №1-тиркеме

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылга айылдык бюджети.

Кирешелердин жана чыгашалардын аталышы сумма
1 Салык агенттиги төлөгөн киреше салыгы 12481,3
2 Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы 107,0
3 Милдеттүү патент салыгы 160,0
4 Ыктыярдуу патент салыгы 2820,0
5 Кыймылсыз мүлк салыгы 273,0
6 Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы 60,0
7 Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы 1710,0
8 Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 650,0
9 Айыл чарба багытындагы жер салыгы 1050,0
10 Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 800,0
11 Роялти 567,0
12 Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы үчүн акы төлөө 1570,0
13 Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы 80,0
14 Жайыт төлөмү 418,3
15 Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 520,0
16 Муниципалдык менчиктеги обьектилерден алынуучу ижара акы 120,0
17 Таштанды төлөмү 370,0
18 Толуктоочу грант 1391,0
19 Атайын каражаттар 2690,0
20 Жергиликтүү маанидеги жактан өнүктүрүү жана колдоо үчүн каражат 40,0
  Кирешелердин жыйындысы; 27877,6
1 Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат  7692,8
2 Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 278,7
3 Коргонуу  400,0
4 Экономикалык маселелер 2630,1
5 Комуналдык чарба 4585,8
6 Маданият 2605,0
7 Билим берүү 9325,2
8 Социалдык коргоо 360,0
  Чыгашалардын жыйындысы; 27877,6

Көк-Жар айылдык кеңешинин
                        жооптуу катчысы                                           Н.Матаипов.

Көк-Жар айылдык кенешинин

№8-5-токтомуна №1-тиркеме

 

Кирешелердин жана чыгашалардын аталышы 

2023-жыл(мин сом)

2023-жыл(мин сом)
1 Салык агенттиги төлөгөн киреше салыгы 13018,0 13409,0
2 Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы 107,0 107,0
3 Милдеттүү патент салыгы 160,0 160,0
4 Ыктыярдуу патент салыгы 2820,0 2820,0
5 Кыймылсыз мүлк салыгы 273,0 273,0
6 Юридикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы 60,0 60,0
7 Физикалык тараптардан алынуучу транспорт салыгы 1710,0 1710,0
8 Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы 650,0 650,0
9 Айыл чарба багытындагы жер салыгы 1050,0 1050,0
10 Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 800,0 800,0
11 Роялти 567,0 567,0
12 Кен байлыктарга лицензия кармагандыгы үчүн акы төлөө 1570,0 1570,0
13 Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы 80,0 80,0
14 Жайыт төлөмү 418,3 418,3
15 Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 520,0 520,0
16 Муниципалдык менчиктеги обьектилерден алынуучу ижара акы 120,0 120,0
17 Таштанды төлөмү 370,0 370,0
18 Толуктоочу грант 1391,0 1391,0
19 Атайын каражаттар 2690,0 2690,0
20 Жергиликтүү маанидеги жактан өнүктүрүү жана колдоо үчүн каражат 40,0 40,0
  Кирешелердин жыйындысы; 28414,3 28805,3
1 Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат  7593,5 7793,5
2 Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 298,0 301,6
3 Коргонуу  100,0 120,0
4 Экономикалык маселелер 4864,9 4452,5
5 Комуналдык чарба 6810,5 6759,8
6 Маданият 2590,1 2423,4
7 Билим берүү 5797,3 6594,5
8 Социалдык коргоо 360 360
  Чыгашалардын жыйындысы; 28414,3 28805,3

Көк-Жар айылдык кеңешинин
                        жооптуу катчысы                                           Н.Матаипов.