10 Марта 2022
Кыргыз Республикасы Кыргызская Республика
Ош областы Ошская область
Ноокат району Ноокатский район
Көк-Жар айылдык кеңеши Көк-Жарский айыльный кеңеш
_______________________________________________________________________________
Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз
8- сессиясы
№ 8-1- Токтому .
Көк-Жар айылы . 24.01. 2021-жыл.
Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн
2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын
31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы
жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана
аткарылышы боюнча аудитордук текшерүүнүн
жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын 2021-жылдын №01-08/120 жазма буйругуна жана 2021-жылдын №01-14/459 сунуш катына негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Аудиттин жыйынтыгы айыл өкмөтүнүн аппараттык жыйынында каралып, тийиштүү адистердин жоопкерчилиги талкууланып, мындан ары катачылыктарга жол бердирбөө жагы эскертилсин.
- Кызматтык сапарларга чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
- “Ош электро” ААКоому менен ижара келишимин түзүү, 81,1 сом ижара акысын өндүрүү жана жергиликтүү бюджетке чегерүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Сарыбаевге милдеттендирилсин.
- Электр энергиясын пайдаланууга бекитилген лимиттен ашыкча пайдаланбоосу ар бир социалдык мекеменин жетекчилерине эскертүү жагы айыл өкмөтүнүн электриги Б.Жакыповго милдеттендирилсин.
- “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” №72 Мыйзамынын талаптары толук сактоо жана иш алып баруу жагы, “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А Акматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: Т. Пирматов
Кыргыз Республикасы Кыргызская Республика
Ош областы Ошская область
Ноокат району Ноокатский район
Көк-Жар айылдык кеңеши Көк-Жарский айыльный кеңеш
_______________________________________________________________________________
Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз
8- сессиясы
№ 8-2- Токтому .
Көк-Жар айылы. 24.012022-жыл.
“Абшыр Таны” СПАсынын 2021-жылдын
6-декабрындагы № 6-каты жөнүндө.
“Абшыр Таны” СПАсы “Азия Өнүктүрүү Банкынын Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында чарбалык каналдарды ондоо мезгилинде айыл тургундары менен тоскоолдук жараткан аймактарды жана каналга тиешелүү болгон чектерин мыйзам негизинде тактоо боюнча “Абшыр Таны” СПАсынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №6-катына негиз, Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
- Абшыр Таны” СПАсы “Азия Өнүктүрүү Банкынын Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында аткарылуучу жумуштарга жана 5% пайыздык кайтарымды, жумуш менен кайтарууга макулдук берилсин.
- “Абшыр Таны” СПАсынын кенеши жана аткаруу дирекциясына менен биргеликте “Азия Өнүктүрүү Банкынын Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында чарбалык каналдарды ондоо мезгилинде айыл тургундары менен тоскоолдук жараткан аймактарды жана каналга тиешелүү болгон чектерин мыйзам негизинде тактоо боюнча Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С Минбаевге жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси М Калматовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим беруу ишкердуулук жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: Т. Пирматов
Файлы:
-
8-sessia.docx
(49.90 KB)