sessia 7

11 Ноября 2021

 

Кыргы з Республикасы                                                          Кыргызская  Республика

        Ош  областы                                                                           Ошская  область

   Ноокат  району                                                                      Ноокатский район

Көк-Жар  айылдык   кеңеши                                                Көк-Жарский айылный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                     7- сессиясы

                                                           №  7-9- Токтому .

Көк-Жар  айылы                                                                           29-октябрь   2021-жыл.

                                                                                      Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин                

                                                                                      2022-жылга карата киреше жана чыгаша

                                                                                        бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө.                

          Көк-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү максатында уюштурулган коомдук бюджеттик угуулардын натыйжасында, Көк-Жар айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 9-бөлүмүнүн; 19-главасынын;  95-беренесинин; 1-пунктуна жана 24-главасынын; 127-беренесине;  негиз Көк-Жар айылдык кеңеши

                                                                                       Токтом кылат:

1.Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 1- жана 2-тиркемелерге негиз 30 млн 209 900 (отуз млн эки жүз тогуз миң тогуз жүз) сом болуп бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

2.Мындан ары да мыйзамга ылайык иш алып бару жагы, айыл өкмөтүнүн  башчысы Миңбаев Саттаралиге жана ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

                                Төрага:                                  Т.  Пирматов

 

 

 

                                                            Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын          

                                                             кезексиз 7-сессиясынын №7-9-токтомуна №1-тиркеме.

                            Көк-Жар айыл өкмөтү

Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  2022- жылга карата болжолдуу бюджети.

2022-КАРЖЫ ЖЫЛЫНА БЮДЖЕТТИН ДОЛБООРУ 30209,9 МИҢ СОМ

  2022 – КАРЖЫ ЖЫЛЫНА ПЛАНДАШТЫРЫЛУУЧУ БЮДЖЕТ.

                     КИРЕШЕ

Мыйзамдарга ылайык ЖӨБ органдарынын бюджеттеринин кирешелери төмөнкүлөрдөн турат:

Жалпы мамлекеттик салыктар; 14035,3 миң сом
Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар; 4543,0 миң сом
Салык эмес төлөмдөр; 5808,3 миң сом
Теңдештирүүчү гранттар; 5823,3 миң сом

 

 

2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору 30209,9 миң сомду түзүүдө.

Киреше
Кирешеле 2021-жылга бекитилген бюджет(мин сом) 2022-жылга долбоор(мин сом) Айырма +/-
Жалпы мамлекеттик салыктар  
Киреше салыгы 9269,0 10381,3 1121,3
Сатуудан түшкөн салык      
Жаратылыш кендеринен колдонуудан түшкөн салык 567,0 567,0 0
Бирдиктүү салык  107,0 107,0 0
Ыктыярдуу патент 2820,0 2820,0 0
Милдеттүү патент 160,0 160,0 0
Жергиликтүү салыктар жана салык эмес төлөмдөр  
Жер салыгы 2470,0 2500,0 30,0
Мүлк салыгы 2043,0 2043,0 0
Салык эмес кирешелер 6050,3 5808,3 -242,0
Трансферттер  
Тендештирүү гранттар 6327,2 5823,3 -503,9
Бардыгы 29813,5 30209,9 396,4

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:                 А.Имаралиева

 

                                                             Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын          

                                                             кезексиз 7-сессиясынын №7-9-токтомуна №2-тиркеме

ЧЫГАШАЛАР

Бюджеттин чыгашаларын аныктоодо мурунку жылдардын экономикалык абалды, инфляция процессин жана ЭКБАда, БАПда жана социалдык экономикалык өнугүү программасында чагылдырылган коомчулуктун артыкчылыктары эске алынды. 2022-жылга артыкчылыктуу маселелер болуп:

Таза суу                               665,0 мин сом
Жарыктандыруу                455,5 мин сом
Жолдор                                1588,0 мин сом
Ички арыктар үчүн           473,7 миң сом
Калкты электр энергиясы менен толук камсыз кылуу 2500,5 мин сом

2022-жылга бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгү – 30209,9 мин сом көлөмүндө аныкталды.

КР Финансы министрлиги берген рекомендациясына ылайык биринчи кезекте чыгашалардын корголгон беренелери, эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар, сапар чыгымдары каржыланышы керектигин белгилеп кетүү зарыл.

Чыгашалар негизинен төмөнкү сфераларга багытталган: айыл өкмөттү кармоого жергиликтүү башкаруу органдарын тейлөө – 7905,7 мин сом (жалпы чыгашалардын 26,2%),  граждандык коргонуу- 500,0 миң сом (1,7%), Экономикалык маселелер- 3742,0 мин сом, (жалпы чыгашалардын 12,4%). туракжай жана таштанды чыгаруу – 5948,8 мин сом (жалпы чыгашалардын 19,6%). маданият– 1760,1 мин сом (жалпы чыгашалардын 5,8%), билим берүү – 9993,3 мин сом (33,1%), соц.коргоо – 360,0 мин сом (жалпы чыгашалардын 1,2%).

ТАБЛИЦА

Чыгашанын аталышы 2021-жылга бекитилген бюджет(мин сом) 2022-жылга долбоор(мин сом) Айырма +/-
Жалпы мамлекеттик кызматтар 9724,8 7905,7 -1819,1
Оборона 500,0 500,0 0
Экономикалык маселелер 3413,3 3742,0 328,7
Турак-жай жана комуналдык чарбасы 4262,7 5948,8 1686,1
Эс алуу,спорт, маданият жана дин 1777,0 1760,1 -16,9
Билим берүү 9775,7 993,3 217,6
Социалдык камсыздоо 360, 360,0 0
Бөлүмдөр боюнча баардыгы 29813,5 30209,9 396,4

Көк-Жар айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:                 А.Имаралиева