sessia 7

11 Ноября 2021

Кыргыз Республикасы                                                          Кыргызская Республика

        Ош областы                                                                           Ошская область

        Ноокат району                                                                   Ноокатский район

Көк-Жар айылдык кеңеши                                                Көк-Жарский айылный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                             7- сессиясы

                                                           №  7-1- Токтому .

Көк-Жар айылы  .                                                                          29-октябрь   2021-жыл.

                                                                                Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана

                                                                                 ФЭБнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында

                                                                                 аткарган жумуштарынын отчетун бекитүү жөнүндө

                                                                

                    Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарган жумуштарын угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-бөлүмүнүн  22-главасынын, 117-беренесине ылайык,  Көк-Жар айылдык кенеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын жана ФЭБнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарган жумуштары 1-тиркемеге ылайык “канааттандыраарлык” деп табылсын.(тиркеме тиркелет)
  2. Мындан ары мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевге  тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                                                      Төрага:                                  Т.  Пирматов

 

                                                                 Көк-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын          

                                                                 кезексиз 7-сессиясынын №7-1-токтомуна 1-тиркеме.

 

КӨК-ЖАР АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН 2021-ЖЫЛДЫН 6  АЙЫНА КАРАТА АТКАРЫЛГАН ЖУМУШТАРЫ.

 

САЛАМАТСЫЗДАРБЫ УРМАТТУУ КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫ.

2021-ЖЫЛДЫН 6 АЙЫНА КАРАТА БИР ТОП КӨЗГӨ КӨРҮНӨӨРЛҮК ЖУМУШТАР АТКАРЫЛДЫ. НЕГИЗГИЛЕРИНЕН АЙТЫП ӨТСӨМ, ЭЛДИ ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БУЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН НЕГИЗГИ МАСЕЛЕЛСИ БОЛУП САНАЛАТ. БУЛ БАГЫТТА БААРЫҢЫЗДАР КҮБӨ БОЛГОНДОЙ ЭЛЕ БОРБАШ АЙЫЛЫНДАГЫ РЕЗЕРВУАРДЫН КУРУЛУШУН АЯГЫНА ЧЫГАРЫП, 11 МЛН СОМДУК 1000 КУБДУК РЕЗЕРВУАР КУРУЛДУ.

КАСА МИҢ ДОЛБООРУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРУУ ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ, БҮГҮНКҮ КҮНДӨ АРХИТЕКТУРАЛЫК ЖУМУШТАР ЖҮРҮП ЖАТАТ.

БОРБАШ АЙЫЛЫНА АРАБДАР АРКЫЛУУ КОМПЛЕКС КУРУУ КЕЛИШИМДЕРИ КОЛГО АЛЫНЫП, ТИЕШЕЛҮҮ ЖЕР ТИЛКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ. БУЮРСА БУЛ ИНВЕСТИЦИЯ АРКЫЛУУ МЕКТЕП, БАЛДАР БАКЧАСЫ, ФАП КУРУП АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖАРАЛАТ.

ЖИЙДЕ ОРТО МЕКТЕБИНИН ЖЫЛЫТУУ СИСТЕМАСЫН КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШУН АЯГЫНА ЧЫГАРУУ ЖУМУШТАРЫ КОЛГО АЛЫНЫП, КУРУУ ЖУМУШТАРЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ.

БОРБАШ ОРТО МЕКТЕБИНИН ОТОПЛЕНИЯСЫН ОҢДОО ЖУМУШТАРЫ АТКАРЫЛЫП, КОЛГО АЛЫНДЫ.

100 КОЙКАЛУУ 156 МЛН СОМДУК БОЛЬНИЦАНЫН КУРУЛУШУН АЯКТОО, МЕДИКТЕРДИ ЖАҢЫ БОЛЬНИЦАГА ЧЫГАРЫП ЭСКИ БАЛДАР БАКЧАСЫН ЖАНА МАДАНИЯТ ҮЙҮН ӨЗ БАГЫТЫНДА КОЛДОНУУ ЖУМУШТАРЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ. КУРУЛУШ 40 ПАЙЫЗГА АТКАРЫЛДЫ.

САРЫКАҢДЫ АЙЫЛЫНА КИРПИЧ ЗАВОД КУРУП 60 АДАМДЫ ЖУМУШ ОРДУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫП, БЮДЖЕТТИ ЖОГОРУЛАТУУ ПЛАНЫ ДА ЖАКШЫ КОЛГО АЛЫНЫП, ЗАВОДДУН ПЕЧКАСЫ КУРУЛУП БҮТТҮ БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ИШТӨӨ АЛДЫНДА ТУРАТ.

ЦЕМЕНТ ЗАВОД КУРУП, 200 ДӨН АШЫК АДАМДЫ ЖУМУШ ОРДУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛЫП, БЮДЖЕТТИ ЖОГОРУЛАТЫП ДОТАЦИЯДАН ЧЫГАРУУ ИШТЕРИ ДА КОЛГО АЛЫНДЫ.

Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021- жылдын   6 айлыгында жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматы.

                 Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 айлыгында салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджетинин киреше болугун толтурууда, киреше булактарын сметага негиз пландаштырып, бир топ иштер аткарылды. Атап айтсак, 2021-жылдын 6 айлыгына бекитилген бюджети киреше жагы трансферттер менен бирге 13492,6 мин сом болуп, такталган план жыл башындагы калдык менен бирге 18752,5 мин сомду түзүп, аткарылышы 20668,8 мин сомду болуп, 110,2% га аткарылды.

  -  2021-жылдын башынан 6 айлыгында киреше салыгы боюнча 4763,8 миң сомго план такталып,  5662,4 миң сомго аткарылып, 118,9% ды түздү.

- Бирдиктүү салык декларациясы боюнча такталган план 215,6 мин сом болуп, 215,6 мин сомго аткарылып, 151,4 % га аткарылды.

- Патент негизинде иш жүргүзгөн ишкерлерден алынуучу милдеттүү патент 73,4 мин сомго такталып, 132,1 мин сомго башкача айтканда 180,0% га аткарылды.

- Ыктыярдуу патент  негизинде төлөнүүчү салыктын түрү боюнча план 1336,8 миң сомго такталып, 1596,6 миң сомго аткарылып, 119,4% ды түздү.

- Кыймылсыз мүлк салыгы боюнча план 132,6 мин сомго такталып, 180,5 мин сомго аткарылып, 136,1%ды түздү.

- Кыймылдуу мүлк салыгы боюнча 524,4 мин сомго план такталып, 906,4 миң сомго план аткарылып, 172,8%ды түзгөн.

- Жер салыктары боюнча план 1124,4 мин сомго такталып, 1825,8 сомго толтурулуп, 701,4 миё сомго ашыкча башкача айтканда 162,4%га ашыкча аткарылды.

- Роялти салыгынын түрлөрү боюнча жалпысы болуп 237,6 мин сомго план такталып, 199,5 мин сомго аткарылып, 84,0% ды түздү.

- Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы төлөөгө 1141,1  мин сомго план такталып, 254,4 мин сомго план аткарылып, 22,3% ды түздү. Себеби быйылкы жылы лицензия үчүн чоң суммада төлөп берүүчү ишканалардын лицензиялары кайрадан жаңыланып, төлөм суммалары азайып кеткен.

 - Калктуу конуштарда жер ижарасы учун 30,8 миң сомго план такталып, ал эми аткарылышы 25,4 миң сомго аткарылган. Бул көрсөткүч пландан 5,4 мин сомго аз аткарылып, 82,5 %ды түздү.

  - Жайыттан түшкөн салык эмес жыйым 78,8 миң сомго план такталса, ал эми  аткарышы 143,4 миң сомду түзүп 182,0 % ды түздү.

  -  КБФнын ижара акысына 148,7 мин сом  пландаштырылса, 98,1 мин сомго аткарылып, 66,0 % пайызды түздү.

- Муниципиалдык имараттарга төлөнүүчү ижара акысына 54,0 мин сомго план такталса, аткарылышы 36,0 мин сомду түзүп, 66,7 %ды түздү.

 - Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык эмес жыйым 370,0 миң сом пландаштырылса, 435,3 мин сомго аткарылып, 117,6 %ды тузду.

 -  Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн салык эмес жыйым 820,2 мин сом пландаштырылып, 719,7 мин сомго аткарылып, бул көрсөткүч 87,7 %ды тузду.

- Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн төлөмдөрдүн планы 14,6 миң сом болсо, аткарылышы 24,1 миң сомго аткарылып, 165,1 % ды түздү.

 

Кирешелердин аталышы

Такталган план Аткарылышы (+, -) %
1

Киреше салыгы

4763,8 5662,4 898,6 118,9
2

Бирдиктуу салык деклорациясы

142,4 215,6 73,2 151,4
3

Патент негизиндеги салыктар

1410,2 1728,7 318,5 122,6
4

Кыймылсыз мулк салыгы

132,6 180,5 47,9 136,1
5

Кыймылдуу мулк салыгы

524,4 906,4 382 172,8
6

Жер салыгы

1124,4 1825,8 701,4 162,4
7

Роялти

237,6 199,5 -38,1 84,0
8

Лицензия кармагандыгы учун салык

1141,1 254,4 -886,7 22,3
9

Калктуу конуштарда ижара акы

30,8 25,4 -5,4 82,5
10

Жайыт толому

78,8 143,4 64,6 182,0
11

КБФ толому

 

148,7 98,1 -50,6 66,0
12

Муниципиалдык имаратка ижара акы

 

54 36 -18 66,7
13 Таштанды толому 370 435,3 65,3 117,6
14

Атайын каражаттар

 

820,2 719,7 -100,5 87,7
15

Инфратруктураны жакшыртуу учун

14,6 24,1 9,5 165,1
16 Чарбалык эмес жерди сатуу   159,5 159,5 100,0
  Итого 10603 10622 19 100,2

            Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  чыгаша бөлүгү:

        Айыл өкмөтүнүн чыгаша жагы жылдын башындагы  калган калдык акча менен бирге  18752,5 мин сомго план такталган.  Анын ичинен 2021-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен калган калдык  акча 4490,8 ал эми атайын каражаттан 281,0 мин сомду түздү.

-Жалпы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (701) бөлүмүнө 5481,4 мин сом план такталып, 4512,9 мин сомго аткарылып, 83,0% пайызды түздү.

- Граждандык коргонуу (70221) бөлүмүнө 250,0 мин сом план такталып, 231,9 мин сомго аткарылып, 92,7% пайызды түздү.

- Жайыт бөлүмү (70429)  бөлүмүнө 6 айга карата 98,8 мин сом акча каражатына план такталып, анын 86,0 мин сом аткарылып, 87,0 %ды түздү.

-Экономикалык маселелер (70491) бөлүмүнө карата такталган план 2288,8 мин сомду түзүп, 1332,2 мин сомго аткарылып, бул көрсөткүч  58,2%ды түздү.

-Коммуналдык чарба (706) бөлүмүнө 2747,7 мин сом план такталып  1647,9 мин сомго аткарылып, 60,0% га барабар болду.

-Жалпы маданият бөлүмү (708) боюнча 2021-жылдын 1-жарым жылдыгына карата такталган план 1272,0 мин сомду түзүп, аткарылышы 819,8 мин сомго, башкача айтканда 452,2 мин сомго аз аткарылып, 64,4 % ды түздү.

-Билим берүү (709) бөлүмүнө болсо 6463,3 мин сомго план такталып, 3271,3 мин сомго аткарылып  50,6% га барабар болду.

- Социалдык коргоо (710) бөлүмүнө 150 мин сом план такталып, 150,0 мин сомго аткарылды. Бул көрсөткүч 100,0% га аткарылды.

          Жалпысынан статьялар боюнча карап корсок томондогудой болуп чыккан;

Беренелер

Чыгашалар Такталган план Аткарылышы Аткарылышы %

2111

Эмгек акы 3624,5 3577,2 98,7

2121

Соц.фонд 541,4 528,7 97,7

2211

Командир. 80 46,2 57,8

2212

Байланыш 84,7 67 79,1

2214

Транспорт 58,5 38,4 65,6
2215 Башка чыгымдар 2160,6 1932,5 89,4

2218

Тамак аш 1230,0 630 100,0

2221

Ремонт 1113,7 663,1 59,5
2222 Чарба буюмдар 562,5 364 64,7

2231

Электр энерг. жана сууга 1826 1595,6 87,4

2721

Льгота 150 150 100,0
2824 Резервдик фонд 80 73 91,3

3111

 

Курулмалар 6608,5 1829,1 27,7
3112 Эмеректер 426 346,7 81,4
  Атайын каражат 805,6 370 45,9
3111 Атайын каражат 1405,6 370 45,9
  Бардыгы: 18752,5 12211,5 65,1

Көк-Жар айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:                 А.Имаралиева

 

Кыргы з Республикасы                                                          Кыргызская  Республика

        Ош  областы                                                                           Ошская  область

   Ноокат  району                                                                      Ноокатский район

Көк-Жар  айылдык   кеңеши                                                Көк-Жарский айылный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                        7- сессиясы

                                                           №  7-2- Токтому .

Көк-Жар айылы  .                                                                          29-октябрь   2021-жыл.

                                                                             Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде

                                                                                айылынын тургуну Алиева Эльмиранын  

                                                                                арызын кароо  жөнүндө                                  

          Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын тургуну Алиева Эльмиранын  турмуш шарты оор, уулунун ден-соолугу начар болуп, төрөлгөндө жүрөк кемтиги ооруусу менен ооругандыгына байланыштуу 2-жолку операциясына көмөк көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Көк-Жар айылдык кенеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылынын тургуну Алиева Эльмиранын  турмуш шарты оор, уулунун ден-соолугу начар болуп, төрөлгөндө жүрөк кемтиги ооруусу менен ооругандыгына байланыштуу 2-жолку операциясына көмөк көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз жергиликтүү бюджеттин кошумча кирешелеринин эсебинен, социалдык коргоо (710) бөлүмүнөн 50 000 (элүү мин) сом акча каражатын  бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                                Төрага:                                  Т.  Пирматов

 

Кыргы з Республикасы                                                          Кыргызская  Республика

        Ош  областы                                                                           Ошская  область

   Ноокат  району                                                                      Ноокатский район

Көк-Жар  айылдык   кеңеши                                                Көк-Жарский айылный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                                                7- сессиясы

                                                           №  7-3- Токтому .

Көк-Жар айылы  .                                                                          29-октябрь   2021-жыл.

                                                                                  Көк-Жар айыл аймагындагы Борбаш айылынын                                                                                

                                                                                тургуну Касымжан уулу Мамбеттин  арызын кароо 

                                                                                 жөнүндө        

          Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбеттин   турмуш шарты оор, уулунун ден-соолугу начар болуп, ак кан (рак, острый лимфоластный лейкоз) ооруусу менен ооругандыгына байланыштуу дарыланууга масетриалдык жардам көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз, Көк-Жар айылдык кенеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ.

    1.   Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылынын тургуну Касымжан уулу Мамбеттин жазган арызына, турмуш шарты оор, уулунун ден-соолугу начар болуп, ак кан (рак, острый лимфоластный лейкоз) ооруусу менен ооругандыгына байланыштуу дарыланууга материалдык жардам көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин              23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз,  жергиликтүү кошумча кирешелеринин эсебинен, социалдык коргоо (710) бөлүмүнөн 10 000 (он мин) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

  1. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

                                Төрага:                                  Т.  Пирматов

 

Кыргы з Республикасы                                                          Кыргызская  Республика

        Ош  областы                                                                           Ошская  область

   Ноокат  району                                                                      Ноокатский район

Көк-Жар  айылдык   кеңеши                                                Көк-Жарский айылный кеңеш

_______________________________________________________________________________

Көк-Жар айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз

                                           7- сессиясы

                                                           №  7-4- Токтому .

Көк-Жар айылы  .                                                                          29-октябрь   2021-жыл.

                                                                             Көк-Жар айыл аймагындагы Каранай

                                                                             айылынын тургуну Каратаев Кылычтын   

                                                                             арызын кароо  жөнүндө               

          Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылынын тургуну Каратаев Кылычтын турмуш шарты оор, ден-соолугу начар болуп, дарыланууга материалдык жардам көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап негиз, Көк-Жар айылдык кенеши

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ.

  1. Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылынын тургуну Каратаев Кылычтын турмуш шарты оор, ден-соолугу начар болуп, дарыланууга материалдык жардам көрсөтүү максатында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушуна негиз,  жергиликтүү кошумча кирешелеринин эсебинен, социалдык коргоо (710) бөлүмүнөн 15 000 (он беш мин) сом акча каражатын  бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн  ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                                Төрага:                                  Т.  Пирматов