17 Марта 2021
Көк-Жар айылдык кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги
44- сессиясы
№ 44-1- Токтому .
Көк-Жар айылы . 17-февраль 2021-жыл.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетиндеги 2021-жылдын 1-январына
карата эсептик счетундагы 2020-жылдан
калган калдыкты бөлүштүрүп берүү
жөнүндө.
Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 12-февралындагы сунуш долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 9-бөлүмүнүн 20-главасынын 102-беренесинин 1-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
Токтом кылат:
- Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан калган калдык суммасы 4 771 864 (Төрт млн жети жүз жетимиш бир миң сегиз жүз алтымыш төрт) сом болуп бекитилсин.
- 2021-жылга карата калган калдык акчанын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинен калган 4 490 840 (Төрт млн төрт жүз токсон миң сегиз жүз кырк) сом акча каражаты, 1-тиркемеге негиз ажыратылсын.(тиркеме тиркелет)
- Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан калган 281 024 (Эки жүз сексен бир миң жыйырма төрт) сом калдык акча каражаты, 2-тиркемеге негиз ажыратылсын. (тиркеме тиркелет)
- Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: О. Исаков
Көк-Жар айылдык кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги
44-сессиясы
Токтом № 44-2.
Көк-Жар айылы «17» февраль 2021-жыл.
“Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын
2020-жыл ичинде
аткарылган жумуштарынын отчету жана
2021-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша
бөлүгүн бекитүү жөнүндө.
“Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштарынын отчетун жана 2021-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө, “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А. Ч. Акматовдун докладын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына негиз, Кък-Жар айылдык кенешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кенеши
Токтом кылат:
- “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштары №1-тиркемеге ылайык “Канааттандырарлык” табылсын. (№ 1-тиркеме тиркелет)
- “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджетин киреше жана чыгаша бөлүктөрү № 2 –тиркемеге негиз бекит\\гъ макулдук берилсин. (№2-тиркеме тиркелет.)
- “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата таштанды тарифин №3-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
- “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата штаттык бирдиги №4-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
- “Көк-Жар-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата иш планы №5-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк жана экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: О. Исаков.
Файлы:
-
sessia №44-1.docx
(931.50 KB)